Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү жайлар убактылуу жабылат
- 1 год мурун
Кытай тараптын демилгеси менен Жаңы жыл майрамдалаарына байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан «Торугарт-автожол» жана «Иркештам-автожол» өткөрүү жайлары 2024-жылдын 1-январында убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
«Иркештам-автожол» жана «Торугарт-автожол» КӨЖ адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 02-январдан баштап кайрадан жанданат.
УКМКнын Чек ара кызматы эскертет:
— «Торугарт-автожол» жана «Иркештам-автожол» өткөрүү жайлары штаттык режимде иш күндөрү – дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин иштепейт;
— эс алуу күндөрү – ишемби жана жекшемби күндөрү КӨЖнан адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү токтотулат.
Муну бөлүшүү