Кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” өткөрүү бекети убактылуу жабылды

  • 2 года мурун

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекети убактылуу жабылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бекет Кытайдагы нөшөрлөгөн жаанга байланыштуу жабылган.

“Кытай тарап сел суулары жолдун айрым бөлүктөрүн каптап, көпүрө ураганын билдирди. Учурда ал жерде оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызамты бекеттин качан ачылары тууралуу маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты