Кыргыз-Кытай чек арасында жайгашкан өткөрүү пункттарында айрым эрежелер өзгөрдү

  • 12 месяцев мурун

Кыргыз-Кытай чек арасында жайгашкан өткөрүү пункттарында айрым эрежелер өзгөрдү.  Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Торугарт-автожол” жана “Иркештам-автожол” өткөрүү жайлары бир жумада 7 күн, саат 8:00дөн 20:00гө чейин иштеп башташты.

Жуманын бардык күндөрү жогоруда аталган өткөрүү жайлары жүк ташуучу транспорт каражаттарын өткөрөт, ал эми дүйшөмбүдөн жумага чейин (эс алуу күндөрүнөн тышкары) туристтерди жана башка жарандарды жөө жана жеңил автоунаа менен өткөрөт.

Ишемби жана жекшемби күндөрү өткөрүү жайлары аркылуу жүк ташуучу траспорт каражаттары гана өтө алышат.

Эскерте кетсек, Кытайга кирүү үчүн жалпы чет элдик паспорту бар жарандар виза ачтыруулары керек.

Өткөрүү жайлары мындай режимде 30-сентябрды кошуп эсептегенге чейин иштемекчи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты