Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат
- 2 года мурун
Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Кытай тараптын демилгеси менен Кытайда Эмгек күнүнө карата Торугарт жана Эркечтам өткөрүү пункттары 29-апрелден 1-майга чейин жабылат.
Жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 2-майдан тарта жанданат.
УКМК Чек ара кызматы унаа ээлерин жана жүк ташуучуларды каттамдарын алдын ала пландап алууга чакырат.
Муну бөлүшүү