Кыргыз-казак президенттеринин кеңири форматтагы жолугушуусу башталды

  • 2 года мурун

Бишкектеги «Ала-Арча» резиденциясында Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаевдин катышуусунда кеңири форматта жолугушуу башталды.

Жолугушууда Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосунда эч кандай саясий карама-каршылык жок экенин, бул өз ара алака-катыштагы эң башкы жагдай экенин билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин өлкө башчылары бетме-бет, тар чөйрөдө жолуккан.

Токаев Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден бери Кыргызстанга расмий сапар менен келген алгачкы чет өлкөлүк мамлекет башчы болуп калды.

Ал 27-майда Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты