Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын тыгыны жаралды

  • 12 месяцев мурун

Бүгүн, 28-июлда “Ак-Тилек”, “Чоң-Капка”, “Чалдыбар” жана “Ак-Жол” өткөрмө бекеттеринде бир канча жүк ташыган машина Казакстандан Кыргызстанга өтө албай турат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 27-июлда саат 22:50дөн баштап аталган өткөрмө бекеттерде белгисиз себептерден улам Мамлекеттик салык кызматынын “Жыйынды посту” автоматтык маалыматтык тутумунун (АМТ) ишинде мүчүлүштүктөр катталган.

АМТ ишинде мүчүлүштүктөр болгондугуна байланыштуу Казакстандын аймагында Кыргызстанга чыгуу тарапта жүк унаалардын тыгыны катталган.

Салык кызматы соңку кырдаал тууралуу азырынча түшүндүрмө бере элек.

Эскерте кетсек, ЕАЭБнин мүчөлөрү болгон өлкөлөрдөн республиканын аймагына киргизилчү товарларды эсепке алуу үчүн Мамлекеттик салык кызматы “Жыйынды пост” автоматтык маалыматтык тутумун (АМТ) колдонот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты