Кыргыз-казак чек арасында индустриалдык соода-логистикалык комплексин курууга капсула салынды
- 2 года мурун
Бүгүн, 26-майда кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» жана «Кара-Суу» автожол өткөрмө бекеттеринин аймагында индустриалдык соода-логистикалык комплексин курууга капсула салынды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Капсула салуу аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын вице-премьер-министри — соода жана интеграция министри Бахыт Султанов катышты. Президент Садыр Жапаров менен Казакстан мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев иш-чарага видеотасма аркылуу байкоо салышты.
«Аталган индустриалдык соода-логистикалык комплекстин базасында сүт азыктарын өндүрүү, жер-жемиш жана мөмө-жемиштерди кайра иштетүү, консерваланган төө буурчакты чыгаруу, этти кайра иштетүү, бээнин сүтүнөн капсула түрүндө жасалган биоактивдүү кошумчаларды жана фармецевтикалык препараттарды, кийим-кечелерди жана башкаларды чыгаруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда», — деп айтылат маалыматта.