Чүйдө чек арага жакын жерде казакстандык жоокердин сөөгү табылды

  • 2 года мурун

Чүйдө кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына жакын жерде казак жоокеринин сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Милициядан билдиришкендей, 10-апрель күнү болжол менен саат 17:40та Панфилов райондук ички иштер органына 20-25 жаштагы жигиттин сөөгү табылгандыгы тууралуу кабар түшкөн. Жерине ыкчам тергөө тобу барып, кыргыз-казак чек арасына жакын жерде аскага куру менен асынып калган адамдын сөөгүн табышкан.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө маркум Казакстандын 2003-жылы туулган Б.У., аттуу жараны экени аныкталган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты