Кыргыз-казак «Ак-Тилек» постунда 510 жүк ташуучу унаа кезекте турат

  • 8 месяцев мурун

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги бардык өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Жүк ташуунун агымы көбөйгөндүгүнө байланыштуу “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайында транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн топтолуусу байкалууда. 21-ноябрда саат 13:00гө карата “Ак-Тилек-автожол” КӨЖда чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 510 жүк ташуучу унаа турат.

Өткөн суткада кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесин 555 транспорт каражаты кесип өткөн, анын ичинен Кыргызстандан Казахстанга 273 автоунаа чыгып, 282 унаа кирген.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын УКМК Чек ара кызматы тарабынан да, Казакстандын УКК Чек ара кызматы тарабынан да жүк ташуучу транспорт каражаттарына эч кандай чектөөлөр жок», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты