«Кыргыз көмүр» ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

  • 2 года мурун

Элдияр Калдарбеков «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы директорду эмгек жамаатына энергетика министринин орун басары Касымов тааныштырды.

Ишканадан билдиришкендей, мурдагы жетекчи Мирлан Жакыпов башка ишке которулганына байланыштуу кызматтан бошотулган.

Элдияр Калдарбеков 1989-жылы туулган. Буга чейин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинде директордун орун басары болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты