Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакиров каза болду

  • 6 месяцев мурун

Кыргыз эл жазуучусу, 3-даражадагы “Манас” орденинин ээси Мелис Абакиров 84 жашында каза болду. Бул тууралуу Жазуучулар союзунун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Мелис Абакиров Чүй районунун Бурана айылында 1940-жылы 15-мартта туулган. 1963-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

 Кийин Ысык-Көл облусундагы Тоң райондук «Эмгекчил», «Ленинчил жаш», «Советтик Кыргызстан» гезиттеринде иштеген. Кыргыз ССРинин Мамлекеттик басма комитетинин башкы редактору, «Мектеп», «Адабият» басмасында, «Акыл» акционердик коомунун төрагасынын орун басары, «Кыргызстан» басма үйүнүн башкы редактору, Улуттук Жазуучулар союзунун катчысы болуп иштеген. 1978-жылы «Жаштык рапсодиясы» аттуу биринчи аңгемелер жыйнагы жарык көргөн. Л.Н.Толстойдун, Х.Хименестин, О.Шестинскийдин, Арпад Генцтин жана башкалардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. 1983-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1976-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү болгон.

Кыргыз тилинде “Жаштык рапсодиясы”, “Жинди сабыр”, “Канталамай”, “Чоң энемдин жомогу”, “Алмалуу бак”, “Алчалуу төр”, “Көкөй кести”, “О, опаасыз, опаасыз дүйнө”, “Барымта” ж.б. аңгеме, повесть, романдары, орус тилинде “Сказки моей бабушки”, “Расподия молодости” “Герои эпоса “Манас”, “Верблюд и мышь” “Азарт”, “Детство в годы изгнания”, башка тилдерде “Энемиң эртекилери”, “Катагонда утган болалик” китептери жарык көргөн.

Л.Толстойдун “Кумурска менен көгүчкөн” (тамсилдер), Х.Р.Хименестин “Платеро жана мен”, О.Н.Шестинскийдин “Блокада новеллалары” (аңгемелер жана новеллалар), Арпад Генц “Майдан” (Новеллалар, эсселер, пьеса) которгон.

Мелис Абакировду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 31-январда саат 11:00дө Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты