Кыргыз эл артисти Александра Марусичти акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 22-февралда Кыргыз Республикасынын эл артисти Александра Марусичти акыркы сапарга узатуу зыйнаты өзү эмгектенген Чынгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, театр ишмерлери, анын күйөрмандары жана жакындары катышты.

Тимурлан Ажымалиев өз сөзүндө Александра Евгеньевнанын бүткүл өмүрү театрга арналып, тандап алган ишине жан дили менен кызмат кылганын белгилеп, “көрүүчүлөр анын таланты, чеберчилиги жана кубулжуган үнү үчүн абдан жакшы көрчү. Александра Евгеньевна чындап эле жаркыраган актриса, сахна чебери, орус театрынын легендасы, сыймыгы, өз ишинин чыныгы кесипкөйү болгон” -деп баса белгилеп,жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Ошондой эле Роскызматташтыктын жетекчиси Альберт Зулхарнеев, Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын жетекчилиги, аны менен бирге иштешкен кесиптештери- Кыргыз Республикасынын эл артисти Лариса Любомудрова, Орусиянын эмгек синирген артисти Андрей Петухов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Ольга Жигулова коштошуу сөзүн сүйлөшүп, Александра Евгеньевна мыкты дос, мыкты кесиптеш, мыкты устат болгонун, ал чоң сахнага чыгуу үчүн бир топ жаш адистерди даярдаганын, өзү заманбап жана классикалык драматургиянын 50дөн ашык роль ойногонун, анын катышуусу менен болгон спектаклдерди көрүүчүлөр зор ынтызарлык менен күтүшкөнүн айтып өтүштү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты