Кыргыз эл артисти Айтажи Шабданова көз жумду  

  • 2 года мурун

17-апрелде Кыргыз эл артисти Айтажи Шабданова 76 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өз өмүрүн кыргыз жана өзбек маданиятын, театр искусствосун өнүктүрүүгө арнаган А.Шабданова акыркы күнгө чейин театрда иштеп келди.

Маркум 1975-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 1980-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алган. 1999-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган. Эки жолу Ош облусунун Кеңешине депутат болуп шайланган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты