Кыргыз эл акыны Жолочу Рысбаев акыркы сапарга узатылды

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 2-майда сатирик жана фельетончу, Кыргыз Республикасынын эл акыны Жолочу Рысбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Узатуу зыйнатына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов баштаган замандаштары, калемдештери, маданият өкүлдөрү, үй-бүлөсү жана жакындары катышты.

Эдиль Байсалов коштошуу сөзүндө, Жолочу Рысбаев кыргыз элинин улуттук адабиятынын, маданиятынын, көркөм өнөрүнүн өнүгүп-өсүшүнө, руханий байлыкты арттырууга зор салым кошконун белгилеп, анын чыгармалары, курч сатиралары, обондуу ырлары, теле-радиого даярдаган берүүлөрү кыргыз казынасынын кенчи болуп сакталса, өзүнүн элеси жүрөктөрдө бекем сакталарын айтып, үй-бүлөсүнө жакындарынын аза кайгысын тен бөлүштү.

Министр Алтынбек Максутов өз сөзүндө Жолочу Рысбаев нагыз мырза мүнөз, мекенчил, жутунбаган, ойдогусун түз, таамай айткан, куйкум сөздүү адам болгонуна, чыгармалары аркылуу да өзүнүн жарандык позициясын ачык, тартынбай так айткан, чыгармалары аркылуу тирүүлүктүн ар кандай көйгөйлөрүнө ой чаргыткан акын болгонуна токтолуп, анын чыгармачылыгы, жасаган эмгектери жаштарга өрнөк болорун айтты.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл акыны Кыялбек Урманбетов, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Кайрат Иманалиев, Ысык-Көл телерадиокомпаниясынын жетекчилигинин атынан акын, журналист Турганбек Жунушалиев, жакындарынын, туугандарынын атынан “Түп” коомунун төрагасы Мукаш Мамбетов сөз сүйлөп, акындын чыгармачылык жолун, адамдык парасатынын бийиктигин айтып өтүштү.

Жолочу Рысбаев 75 жаш курагында дүйнө салды. Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты