Кыргыз Эл акыны Сүйөркул Тургунбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең өтөт

  • 7 месяцев мурун

Кыргыз Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев каза болду. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ал 29-декабрда 84 жашка караган курагында дүйнөдөн кайтты.

Маркумдун тажиясы 31-декабрда болот, сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

«Кечки троллейбус», «Замандаштын дүйнөсү», «Жарыктын ыры», «Эки аска» өңдүү ондогон китептердин автору Сүйөркул Тургунбаев 1940-жылы Базар-Коргон районундагы Беш-Кадам айылында туулган.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл акыны.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты