Кыргыз цирки бир топ жаныбарларды сатыкка чыгарды
- 1 год мурун
Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки бир топ жаныбарларды сатыкка койду. Бул тууралуу цирктин директору 11-июлда буйрук чыгарган.
Сатыкка коюлган жаныбарлар:
-эки төө — 90 миң сомдон;
-эки топоз — 35 миң сомдон;
-эчки — 20 миң сом;
-чүткөр (жайра) — дикообраз- 50 миң сом;
-күрөң түстүү токой жаныбары — енот -50 миң сом;
-төрт мышык -10 миң сомдон.
Сатыкка коюлган жаныбарлардан жалпы 410 миң сом түшөөрү пландалган.
Иллюстрациялык сүрөт: Чүткөр (жайра).
Муну бөлүшүү




