Кыргыз-азербайжан Достук паркы ижарага берилет

  • 4 недели мурун

20-сентябрда Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти бир катар объекттерди ижарага берүү боюнча аукцион өткөрөт.

Бул тууралуу Бишкек шаар мэриясы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, аукциондо ижарага берилүүчү объекттер:

— ЛОТ №1958.1 Асанбай кичирайону Г.Айтиев, 2/1 көчөсү дарегиндеги бассейн. Бассейндин аянты 329,0 м2, жанаша аянты 1063,0 м2;

— ЛОТ № 1948.1 Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш тарабында Байтик-Баатыр көчөсүндө жайгашкан Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркы. Парктын жалпы аянты 5,5 га, турак эмес жайлар менен 577,9 чарчы метр.

Бишкек шаарынын түштүк жагында Кыргызстан жана Азербайжан достук паркына 2019-жылы капсула салынган. 2022-жылы 11-октябрда кыргыз-азербайжан Достук сейил багынын ачылышы болду. Сейил бактын ачылыш аземине президент Садыр Жапаров жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев катышкан.

Сүрөт: president.az

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты