Кыргыз армиясы 145 өлкөнүн ичинен 107-орунда

  • 2 года мурун

Дүйнөдөгү армиялардын абалына көз салган   “Global Firepower” индекси боюнча Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү 145 өлкөнүн ичинен 107-орунду ээледи. Бул тууралуу аталган аналитикалык борбор сайтына жазып чыкты.

Эске салсак, өткөн жылы Кыргызстандын армиясы ушул эле рейтинг боюнча 93-орунга чыккан болчу.

Аталган борбор өз талдоосунда 145 мамлекеттин армиясынын жоокерлеринин санын, аскердик техникасын, коргонуу тармагына бөлгөн каражатын салыштырган.

Маалыматка ылайык, рейтингдин башында АКШ, Россия жана Кытай турат.

Ал эми Борбор Азия мамлекеттеринин Куралдуу күчтөрү боюнча алдыңкы орунду Өзбекстан ээлеген. Ал рейтингде 62-орунда турат. Андан кийин 63-орунда Казакстан (өткөн жылы 64-орун болчу), 82-орунда Түркмөнстан (өткөн жылы 83-орун болчу), 107-орунда Кыргызстан жана 120-орунда Тажикстан (өткөн жылы 111-орунду ээлеген) турат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты