Кылмыштуу топтун мүчөсү Улан Токтосуновдун жакындары ЖАК алдына чогулушту

  • 11 месяцев мурун

Милицияда кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Улан Токтосунов Нарындагы абактан Бишкектин тергөө абагына которулуп жатканын айткан жакындары бүгүн 23-августта Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) алдына акцияга чыгышты. Алардын өкүлдөрү мекеменин ичине сүйлөшүүгө киришти.

Ал эми анын жактоочусу Бактыбек Жумашев өлкө жетекчилигине жана тийиштүү мекемелердин башчыларына кайрылып, Токтосуновду Бишкекке которуу тууралуу чечимди жокко чыгарууну суранды.

Адвокат Бишкектин тергөө абагында буга чейин адам өлүмү катталган фактылар болгонун белгилеп, «ал жактан Токтосунов тирүү чыкпайт» деп кошумчалады. Жактоочунун айтымында, которуу тууралуу чечимди кабарлап телефон чалгандар Токтосуновду Бишкектин тергөө абагында киши колдуу болгон Чыңгыз Жумагуловдун «тагдыры күтүп турганын» айтышканын билдирди.

Жаза аткаруу кызматы бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

2015-жылы Токтосунов кылмыштуу топтун мүчөсү Дамир Сапарбековдун өлүмүнө байланыштуу эл аралык издөөгө алынган. Кийин ал Түркиядан келгенде камакка алынып, 2016-жылы 17 жылга эркинен ажыратылган.

Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо миңден ашуун адам турганын мекеме 2021-жылы билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты