Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо онлайн режиминде жүргүзүлөт

  • 5 месяцев мурун

Пилоттук долбоордун алкагында кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо онлайн режиминде жүргүзүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Бул пилоттук долбоорду 2024-жылдын 1-мартынан 31-декабрына чейин өткөрүү милдети Санариптик өнүктүрүү министрлигинин координациясында Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке тапшырылды.

Документ кыймылсыз мүлккө укуктарды онлайн режиминде мамлекеттик каттоонун убактылуу тартибин бекитти.

Токтом санариптик технологияларды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, кыргыз жарандарына санариптик форматтагы кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында кабыл алынган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты