Кувейт Кыргызстанга инвестициялык долбоорлорду даярдоодо көмөк көрсөтөт

  • 1 год мурун

Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Азамат Карагулов Кувейт Инвестициялык башкармалыгынын башкаруучу директору Ганим Сулейман Аль-Гунейман менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык кызматташтык боюнча маселелерди талкуулоо максатында өттү.

«Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Карагулов 2022-жылдагы соода-экономикалык, кредиттик жана гуманитардык чөйрөлөрдөгү тараптардын өз ара аракеттенүүсүнүн жыйынтыктары менен бөлүштү.

Элчи ошондой эле соода жүгүртүү көлөмүнүн өскөнүн, Кыргызстанга келген кувейттик туристтердин санынын көбөйгөнүн белгиледи. Мындан тышкары, тараптардын жакынкы келечектеги милдеттери, анын ичинде Эль-Кувейтте экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-кувейт өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын даярдоо пландары белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары Аль-Гунейман Инвестициялык башкармалыктын Кувейттин ички рыногундагы жана эл аралык рыноктордогу ишмердүүлүгү менен тааныштырып, кыргыз тараптын Кувейт менен инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын кубаттаганы жана Кыргызстандын тиешелүү ведомстволору менен кызматташууга, анын ичинде инвестициялык долбоорлорду даярдоодо көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдиргени айтылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты