Курулуш мыйзамдарын бузгандыгы үчүн «Беш Сары» курулуш компаниясына айып пул салынды
- 2 года мурун
Бишкек шаарында «Беш-Сары» курулуш компаниясы куруп жаткан объектиден көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталып, объектинин курулушу токтотулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан «Беш Сары» ЖЧКсы куруп жаткан Тыналиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп батирлүү турак жайлар текшерилген.
Текшерүүдө мамлекеттик инспектор курулуп жаткан имараттын жүк көтөрүүчү каркасында, тосмо конструкцияларында, чатырында көптөгөн мыйзам бузууларды аныктаган.
Жыйынтыгында аталган курулуш компаниясына 200 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынып, бардык аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча талаптар берилген.
«Белгиленген бузуулар четтетилгенге чейин бардык курулуш-монтаждоо жумуштары токтотулду»,- деп билдирди аталган агенттик.
Сүрөт: gosstroy.gov.kg




