Курултайдагы делегат чек ара тууралуу сүйлөп, Камчыбек Ташиевди Манаска салыштырды
- 2 года мурун
Бүгүн, 20-декабрда өткөн үчүнчү Элдик курултайда делегат Байсидин Батыркулов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди Манаска салыштырды.
Батыркулов өз сөзүндө: «Эгерде мен Камчыбек Кыдыршаевичти бүгүнкү күндүн Манасы деп айтсам, мени жагалданып жатат деп ойлошуңуздар мүмкүн. Бирок тарых баарын өз ордуна коёт», – деди.
Ал муну чек ара маселесин чечүүдө Камчыбек Ташиевдин эмгегине таянып айтты. Делегаттын айтымында, чек ара маселеси өзгөчө чектеш аймактар үчүн абдан маанилүү.
«Абал согуш чегине жеткен. Айрым интернет эксперттери бул тууралуу эч нерсе билбей туруп жазып жатышат. Анда урматтуу Камчыбек Ташиев өзү барып, маселени чечти», – деп белгиледи ал.
Эске сала кетсек, Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултай өтүп жатат. Ага жалпысынан 698 делегат катышып жатат. Курултай 2 күнгө, 20-21-декабрга созулат.
Курултайда өткөн жылы делегаттар тарабынан айтылган маселелердин аткарылышы тууралуу отчеттук маалыматтар угулат.
Бул жолу да делегаттар шайланып келген аймагынын көйгөйлөрүн, сунуш-пикирлердин бийликке жеткирет. Ал эми мамлекеттик органдар аларды чечүү аракетин көрүшөт.
Сүрөт: интернет булактары




