Курсант Абдрахманов “Манас” театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды

  • 1 год мурун

Курсант Абдрахманов Кыргыз улуттук “Манас” театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды . Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаңы дайындалган жетекчини чыгармачыл жамаатка Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, cпорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырды.

Буга чейин Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук драма театрынын көркөм жетекчиси, Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-көл облустук музыкалык драма театрынын директору болуп иштеген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты