Курманкул Зулушев, Бакыт Төрөбаев Панфилов районунун тургундары менен жолугушууда

  • 2 года мурун

Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Панфилов районунун тургундары менен жолугушууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эл менен болгон жолугушууда, жарандар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер, мыйзамсыз иш-аракеттер, коомчулукта орун алган көйгөйлөр тууралуу суроолорду беришти. Аталган маселелер тууралуу кайрылуулар жеринде кабыл алынып, көйгөйлөрүн ыкчам чечүү максатында тийиштүү прокуратура органдарына тапшырмалар берилди.

Жыйынга Панфилов районунун 100дөн ашуун тургуну катышты.

Эске салсак, мамлекет башчы Садыр Жапаров Башкы прокурор менен ички иштер министрин жер-жерлерге чыгып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасын койгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты