“Курманбек Бакиев эң мыкты президент” деп табылган сурамжылоо бир тараптуу жүргүзүлгөн (Фактчекинг)

22-апрель күнү AvtorTv каналында “Кыргызстандыктар Курманбек Бакиевди өлкө тарыхындагы эң мыкты президент деп табышты” деген маалымат жарыяланган. Билдирүүдө аталган сурамжылоону “Vesti.kg” сайты жүргүзгөнү белгиленген. 

“Курманбек Бакиев эң мыкты президент” деп табылган сурамжылоо бир тараптуу жүргүзүлгөн (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул сурамжылоону анализдеп көрдү. 

Курманбек Бакиев алдыга чыккан сурамжылоо 

Vesti.kg сайты 22-апрель күнү окурмандары арасында жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялаган. Натыйжада азыркы бозгундагы президент Курманбек Бакиевге окурмандардын 28,6%ы добуш берип “Кыргызстандын тарыхындагы эң мыкты президент” деп тандашканы айтылат. 

“Курманбек Бакиев эң мыкты президент” деп табылган сурамжылоо бир тараптуу жүргүзүлгөн (Фактчекинг)

Мындан сырткары 25,4%ы  мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге, 10,8%ы учурдагы президент Садыр Жапаровго добуш берген. Ал эми эң аз добушту 1.9% экс президент Сооронбай Жээнбеков алганы белгиленген. 

Бирок сурамжылоого канча киши катышканы, кандай жол менен респонденттер тандалып алынганы тууралуу эч кандай маалымат берилген эмес. 

Сурамжылоонун стандарттарына туура келбейт 

Социологиялык сурамжылоо – изилдөөдөгү маалымат алуунун эң кеңири колдонулган ыкмасы болуп саналат. Анда сурамжылоону жүргүзгөн уюм же адам, респонденттерден оозеки же жазма түрүндө бир тема боюнча оюн билүүгө аракет кылат. 

Окумуштуулар Ю.Г.Волков жана В.И.Добренковдун пикири боюнча социологиялык сурамжылоо жүргүзүүнүн негизги этаптары болуп төмөнкүлөр саналат:

  1. Изилдөө предметин тандоо;
  2. Керектүү адабияттарды карап чыгуу;
  3. Жумушчу гипотезаны түзүү;
  4. Изилдөө программасын тандоо;
  5. Түздөн-түз маалыматтарды чогултуу;
  6. Натыйжаларды талдоо;
  7. Чогулган маалыматтарга негизделген корутундуларды чыгаруу. 

Мындан сырткары сурамжылоо канча убакыт жүргүзүлгөнү, канча адам катышканы, респонденттер жынысы жана жашы боюнча кандай тартип менен тандалып алынганы даана так көрсөтүлүшү керек. 

Мисалы,  “SIAR Research and Consulting” компаниясы жүргүзгөн изилдөөдө сурамжылоо тууралуу кеңири түшүндүрмө берилген. 

“Курманбек Бакиев эң мыкты президент” деп табылган сурамжылоо бир тараптуу жүргүзүлгөн (Фактчекинг)

Башкача айтканда, ЖМКларда жүргүзүлгөн изилдөөлөр көпчүлүк учурда эл аралык стандартка туура келбейт жана чындыкты чагылдырбайт. 

Белгилей кетсек, буга чейин Эл аралык республикалык институттун (IRI) соңку сурамжылоосуна ылайык Садыр Жапаровго ишенгендер 32% түзгөн. Ал эми УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге ишенгендер 24% болгон. 

“Курманбек Бакиев эң мыкты президент” деп табылган сурамжылоо бир тараптуу жүргүзүлгөн (Фактчекинг)

Тизмеде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков да болгон. Ал эми Курманбек Бакиев бул тизмеде “ишенеимдүү саясатчы” катары жер алган эмес. 

Жыйынтык: Vesti.kg” сайты жүргүзгөн изилдөөдө мурдагы президент Курманбек Бакиев алдыга чыккан. Бирок сурамжылоо бир тараптуу жүргүзүлүп, толук маалымат берилген эмес. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты