Кургакчылык, климаттык миграция, ысык күндөр: климаттын өзгөрүүсү тууралуу эмнелерди билесиз? Тесттен өтүп көрүңүз

Акыркы жылдары Кыргызстанда температура рекорддору жаңыланып, абанын орточо жылдык табы жогорулоодо. Айрыкча, жаз айлары нормадан ысык болуп, март айында абанын температурасы өтө тездик менен көтөрүлүүдө. Акыркы 44 жылда өлкө боюнча жазындагы абанын температурасы 2°Сге жогорулаган. Климатологдордун айтымында, мындай көрүнүш климаттын өзгөрүүсүнөн улам келип чыгууда. 

Климаттын өзгөрүүсү мөңгүлөрдүн эришин тездетип, жайдын кургак жана ысык болушун, дарыядагы суунун деңгээлинин көтөрүлүүсүн дагы шарттайт. 

Төмөндөгү тесттен өтүп, климаттын глобалдык өзгөрүүсү боюнча билимиңизди текшерип көрүңүз. 

“Бул материал “МувГрин” коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Кыргызстанда жана Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия регионунда климатты коргоого берилгендик” долбоорунун алкагында даярдалды. 

Бул материалдын мазмуну үчүн “ПолитКлиника” медиасы жооптуу. Материалда айтылган пикирлер “МувГрин” коомдук бирикменин көз карашын чагылдырбашы мүмкүн.”

Иллюстрация: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты