“КУРЧ ТВ” YouTube каналы Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды бир тараптуу каралаган (Фактчекинг)
- 2 года мурун
- Фактчекинг
25-апрелде “КУРЧ ТВ” YouTube каналы “ЖМК мыйзамы кимдердин уйкусун бузуп жатат” деген материал жарыялаган. Анда жаңы кабыл алынып жаткан “Кыргызстандагы ЖМКларды көзөмөлдөө жөнүндөгү” мыйзамга көз карандысыз медиалар гана каршы чыгып жатканы айтылган.
“ПолитКлиника” медиасы “КУРЧ ТВ” каналынын материалын анализдеп көрдү.
ЖМК тууралуу мыйзам долбоору
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү» мыйзамынын өзүнө таандык версиясын 2022-жылы сентябрдын аягында коомдук талкууга алып чыккан.
Документтин өзүндө ал 2023-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирери айтылган. 1-апрелден 1-июнга чейин, тактап айтканда, эки айдын ичинде ЖМКлар кайрадан каттоодон өтүшү керек, каттоодон өтүүгө үлгүрбөгөн басылмалар автоматтык түрдө жоюлары айтылган.
Мыйзам долбоору төмөнкү пункттардан турат:
ЖМКлар каттоодон өтүшү үчүн арыз жазышы талап кылынат. Бул үчүн төмөндөгү маалыматтар камтылышы керек:
— Менчик тууралуу маалымат (негиздөөчү же тең негиздөөчү);
— ЖМКнын аталышы, массалык маалыматты жайылтуу тили;
— Редакциянын дареги;
— Массалык маалыматты таратуунун формасы;
— ЖМК продукциясын таратууга сунушталып жаткан аймагы;
— ЖМКнын максаттуу тематикасы;
— Каржы булактары;
— Арыз берүүчү кайсыл бир ЖМКнын негиздөөчүсүбү, башкы редакторбу, маалымат таркатуучубу же чыгаруучусу боюнча маалымат берүү;
— Веб-сайттын маалыматтык-телекоммуникациялык интернет сайтындагы домен аталышы.
Чет элдик жарандарга, кош жарандыгы бар же жарандыгы жок адамдарга ЖМКларды негиздөөгө тыюу салынат. Мындан тышкары, чет элдик ЖМКнын өкүлчүлүктөрү Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) уруксаты менен гана ачылат. Ал эми чет элдик кабарчылар ТИМдин аккредитациясынан өтүшү керек болот. Бирок мыйзамда ал үчүн эч кандай критерий же талаптар жазылган эмес.
Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде, президенттин администрациясы “ЖМК жөнүндөгү азыркы мыйзам “моралдык жактан эскиргенин”, ал эми жаңысы “боштуктарды” жоюп, ЖМКны санарип телекоммуникациялык тармактарда, анын ичинде Интернет түйүндөрүндө жөнгө салууну максат кылат” дейт.
Аталган мыйзам долбооруна көз карандысыз медиалар эмнеге каршы болууда?
Медиа эксперттер жана юристтер аталган мыйзам долбооруна киргизилген өзгөртүүлөрдүн натыйжасында Кыргызстанда сөз эркиндиги абдан катуу жабыркап калышы мүмкүн экенин айтышууда.
Колдонуудагы мыйзам 30 жыл мурда кабыл алынганы чын. Бирок
“Медиа Полиси Институтунун” эксперттеринин пикиринде, жаңы мыйзам долбоорунун пайда болушу азыркысынын эскиргендигине байланыштуу эмес. Эксперттер президенттик аппарат жаңы мыйзамдын жардамы менен «бийликке жакпаган веб-сайттарды жоюуну» каалайт деп эсептешет.
«Адилет» укуктук клиникасы жаңы мыйзам долбоору мамлекетке «ЖМКнын ишине аралашууга жана аны жөнгө салууга негизсиз эле олчойгон мүмкүнчүлүктөрдү берет» деген бүтүмгө келген.
Юристтеридин пикиринде, ушул версиядагы мыйзам долбоору «ар бир демократиялык коомдун ажырагыс бөлүгү деп эсептелген ой-пикир түрдүүлүгүнө катаал чектөөлөрдү орнотууга» багытталган.
«Клооп» редакциясы президенттин администрациясы сунуштаган мыйзам долбоорун Advego Plagiatus сервиси аркылуу плагиатка текшерип көрдү. Сервистин анализине ылайык, документтин орус тилиндеги текстинин 83%ы толугу менен Орусиянын ЖМК жөнүндөгү мыйзамынан көчүрүп алынган. Ал эми эгер бири-бирине дал келген, анчейин деле мааниге ээ эмес өзгөртүүлөр болгон бөлүктөрүн ала турган болсок, эки документ 95%га окшош.
- “Батыштын камчысын чапкан медиалар”
“КУРЧ ТВ” Ютуб-каналынын сөз болуп жаткан видеосунун экинчи бөлүгүндө автор көз карандысыз медиаларга карата “батыштын камчысын чапкандар” деп кастык тилин колдонгон.
Кастык тили — басмырлоочу жек көрүүчүлүк, бул эл аралык адам укуктарында таанылган, шайкештигине же тегине карай адамга же кишилер тобуна карата акылга сыйгыс кастык сезиминин катуу туюнтулушу.
“Жаңы кабыл алынып жаткан ЖМК жөнүндөгү мыйзамда айтылган пункттарга кимдер каршы чыгып жатышат деп ойлойсуздар?
Алар баягы эле батыштын камчысын чапкан “Азаттык” үналгысы, Kloop медиасы, “ПолитКлиника”, “Кактус”, “ТMedia”, “24.kg” “МедиаХабды” жетектеген Али Токтакунов, Ыдырыс Исаков сыяктуулар каршы”, — деп айткан алып баруучу.
Материалда “батыштын камчысын чапкан” деп көз карандысыз медиаларга карата кастык сөзүн колдонуп, Кыргыз Республикасынын жана БУУнун адам укуктарын жана журналистиканын этикалык кодексин бузган.
Кастык тили: ЖСУЭАП 20(2)-беренесинин негизги элементтери дискриминация, кастыкка жана зомбулукка шыкакчылык болгон, улуттук, расалык жана диний жек көрүүнүн пайдасына болгон кандай гана билдирүү болбосун, бардыгы мыйзам менен тыюу салынуусу керек.
2. ”Жашыл акча берген саан уюнан ажырап калышы толук ыктымал”
Видеонун экинчи бөлүгүндө автор көз карандысыз ЖМКларды чет өлкөлүк уюмдардан алган акчадан кур калуудан коркуп, мыйзам долбоорун колдобой жатканын айткан.
“Алар ЖМК жөнүндө жаңы мыйзам ишке ашса, ”жашыл акча берген саан уюнан ажырап калышы” толук ыктымал. Батыштан туруктуу түрдө жашыл акча алып, күнү туулуп тургандарга албетте бул мыйзам жаккан жок”, — деп көз карандысыз медиаларга колдоо көрсөткөн эл аралык уюмдарды (USAID, NED) айтып, ал уюмдар мамлекеттин ички саясатына ЖМК аркылуу кийлигишип, элди бийликке каршы үгүттөп жатат деген.
Бул жерде автор манипуляциянын «душманды шайтанга айлантуу» ыкмасы колдонгон.
Душманды шайтанга айлантуу – жалган же текшерилбеген айыптоолорду колдонуу менен каршылашын «адамгерчиликсиз», адепсиз, ырайымсыз ж.б. кылып көрсөтүү.
Эл аралык USAID, NED уюмдарынын максаты эмне?
АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) дүйнө жүзү боюнча 100гө жакын өлкөдө айыл-чарбаны өнүктүрүүдөн баштап, ден-соолукту чыңдоо, айлана-чөйрөнү коргоо жана демократияны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырат.
USAID’дин “Медиа-К” долбоору Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларга колдоо көрсөтүү жана өнүктүрүү багытында 2017-жылы башталган. Долбоор жарандардын ар түрдүү жана тең салмактуу маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу жана ЖМКлардын кесипкөйлүгүн жана көз карандысыздыгын бекемдөөгө багытталган.
Ал эми долбоордун бюджети тууралуу маалыматты ачык булактардан оңой эле табууга болот. Башкача айтканда, бул “АКШнын сырдуу долбоору” эмес.
“National Endowment for Democracy” (NED) фонду 1983-жылдан бери дүйнө жүзү боюнча демократиялык институттарды өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө арналган ишмердүүлүктү аркалап келет.
NED фонду жыл сайын 90дон ашык өлкөдө демократиялык максаттарды көздөгөн чет өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын долбоорлорун колдоо үчүн миңден ашык гранттарды берет.
Уюмдун максаты көз карандысыз медиалардын өнүгүшүнө салым кошуу болуп саналат. Мындан сырткары, уюм жыл сайын ачык гранттык сынактарды жарыялайт жана ага бардык демократияны колдогон ММКлар жана бейөкмөт уюмдар катыша алат. Башкача айтканда, бул деле сырдуу долбоор эмес.
Чындыгында, “КУРЧ ТВ” Ютуб-каналы айтып жаткан “батыштан келген жашыл акчаларды” эң көп алган, башкача айтканда, өлкөдө эң көп грант алуучу кыргыз өкмөтү өзү экени ачык булактардан белгилүү.
Жыл сайын Кыргызстанга тышкы каржылык жардамга мониторинг жүргүзүп турган «Биздин кылым» фондунун маалыматы боюнча, өлкө 1992-2022-жылдары 12,3 млрд долларга жакын сырттан каражат алган. Гранттар бул сумманын 20% дан ашыгын түзөт.
Өлкөнүн бюджети барган сайын грантка көз каранды болуп баратат. Алдын ала маалыматтар боюнча, бир жылдын ичинде эле Кыргызстан 250 млн доллардан ашык грант алуу жөнүндө макулдашууга кол койгон, бардыгы 30 жылдын ичинде өлкө жалпысынан дээрлик 3,7 млрд доллар кайтарымсыз жардам алган. Республикалык бюджеттин долбоорунан Финансы министрлиги 2023-жылы эл аралык донорлордон 19 млрд 797 млн сом алуусу күтүүлүдө.
Жыйынтык: “КУРЧ ТВ” Ютуб-каналы “чет элдик уюмдар көз карандысыз медиалар аркылуу элдин биримдигин бузуп жатат” деп манипуляцияга жол берген.
3. “Журналистмин деп өзүн атап алгандар”
Видеонун кийинки бөлүгүндө автор көз карандысыз ЖМКлардын журналисттерине карата “журналистмин деп өзүн атап алгандар элге жалган маалымат таратып, бул кесиптин баркын кетирип жатышат”, — деп айткан.
”ЖМКлардын каттоодон өтүүсүнүн негизги себеби — аларды тартипке келтирет. Себеби, азыркы тапта журналистмин деп өзүнү атап алгандар бул кесиптин баркын кетирип жатканын байкап жатабыз. Кала берсе элге жалган, туура эмес маалыматты жайылтышууда. Менимче, ЖМКларды каттоодон өткөрүү замандын талабы”, — деп айткан автор.
Бул жерде да “журналистмин деп өзүн атап алгандар” деп кастык тилин колдонгон.
Чындыгында жогоруда атап өткөн көз карандысыз медиалар журналистиканын эл аралык, этикалык талаптарын толук сактап иш алып барып жатышат. Чет элдик уюмдар конкурс жарыялаганда Журналистиканын талаптарына толук жооп берген гана медиалар грант ала алат.
Эл аралык журналистиканын этикалык талаптары:
1.4. Журналисттер жана ЖМКлардын милдеттери.
Журналисттин милдеттери анчалык көп эмес, бирок алар өтө маанилүү:
– кыргыз мыйзамдарынын жана Кыргызстан кол койгон эл аралык келишимдердин талаптарын аткаруу;
– коомго калыс маалымат берүү жана даярдалып жаткан материалдардын аныктыгын ырастоо;
– маалымат берген адамдардын суранычы менен алардын автордугун белгилөө;
– сот чечими чыкканга чейин алдын ала эч кимди күнөөкөр деп атабоо;
– адамдардын кадыр-баркы менен ар-намысын жана укуктары менен эркиндигин сыйлоо;
– адистиги менен байланыштуу ээ болгон маалыматтарды өзүнүн жеке кызыкчылыгында пайдаланбоо;
– адамдардын жеке турмушу тууралуу маалыматтарды алардын макулдугусуз жарыялабоо жана андай маалыматтарды алуу үчүн аудио- же видео каражаттарды уруксатсыз пайдаланбоо.
Жогоруда айтылган журналистиканын талаптарын бузган медиалардын материалдарына “ПолитКлиника” медиасы фактчекинг жасап, кантип талаптарды бузганын көрсөтүп берген:
“Азия Ньюс” гезитинин Орозайым Нарматова тууралуу материалында журналисттик этика бузулуп, манипуляциянын ыкмалары колдонулган”
Жыйынтык: Автордун “көз карандысыз медиалар журналистмин деп өзүн атап алып, бул кесиптин баркын кетирип жатышат” деген аргументи далилсиз жана туура эмес.
4. “Аларга мамлекеттин келечеги баары бир”
Видеонун акыркы бөлүгүндө көз карандысыз ЖМКларга мамлекеттин келечеги баары бир экендиги жана алар өлкөнүн туруктуулугун буза тургандыгы жөнүндө сөз болот.
“Аларга мамлекеттин келечеги баары бир” десек жаңылышпайбыз. Маалымат таркатууга манипуляция жасоого маш болгон бул ЖМКлар коррупция, гендердик теңсиздик, сөз эркиндиги сыяктуу темаларды жамынып алып, өлкөнүн туруктуулугуна балта чаап жатканын карапайым эл дагы билип калды”, — деп айткан автор.
Көз карандысыз ЖМКларга “мамлекеттин келечеги баары бир десек жаңылышпайбыз” деп бир тараптуу каралаган.
Бирок, тескерисинче, көз карандысыз медиалар мамлекеттин өнүгүүсүнө тоскоол болгон жемкорлор менен күрөшүп келгени жалпыга белгилүү.
Чындыгында, автор каралап жаткан ЖМКлар “Азаттык”, “Кактус”, “Клооп”, “ПолитКлиника”, “МедиаХаб” медиалары өлкөдөгү коррупция боюнча иликтөөлөрдү жасап, бир нече уюшкан кылмыш топтордун бетин ачышкан:
- “ПолитКлиника” медиасы жасаган иликтөөлөр: “Медиарейд: Калкты кыйнаган тейлөө борборлору”, “Кооперативдерге жамынган финансы пирамидасы”, “Мегакомду Максим Бакиевдин жакындары көзөмөлдөөнү көздөп жатышат” ж.б
- “Медиахаб” медиасы жасаган иликтөөлөр: “Энергетикадагы коррупциянын”, “Иликтөө!Кутурган курулушчу,куткаргыч сот, купуя жолугушуу”, “Өлүм менен өмүрдөн акча жасагандар”, ж.б
- “Азаттык” медиасы жасаган иликтөөлөр: “Көрүстөндөгү коррупция”, “Бажыдагы миллиондор”, “Кыргызстандагы вебкам бизнеси: шантаж, зордуктоо, суицид” ж.б.
Аталган медиалардын жасаган иликтөөлөрүнөн кийин бийликтеги коррупциялык иштердин бетин ачып, натыйжада кылмышкерлер мамлекеттик казынага акчаларын кайтарып берген.
Жыйынтык: “КУРЧ ТВ” Ютуб-каналы көз карандысыз медиаларга карата “Аларга мамлекеттин келечеги баары бир” деген билдирүүсү манипуляция жана эркин медиаларга карата кастыкка жол ачат.