“Азия Ньюс” гезитинин Орозайым Нарматова тууралуу материалында журналисттик этика бузулуп, манипуляциянын ыкмалары колдонулган

“Азия Ньюс” гезитинин Орозайым Нарматова тууралуу материалында журналисттик этика бузулуп, манипуляциянын ыкмалары колдонулган

Аryba.kg сайтына “Азия Ньюс” гезитинин “Орозайым Нарматовага түрмө жагыптыр. Түгөйүн табабы?” деген аталыштагы материалы жарыяланды. Анда автордун “Орозайым Нарматова түгөйүн тапканга аракет кылса жарашмак” деген пикири жазылган.

“Азия Ньюс” гезити манипуляциянын ыкмаларын колдонуп, Кыргызстандын журналисттеринин этикалык кодексин бузганын “ПолитКлиника” медиасы аныктады.

Материалдын баш темасы Журналисттердин этикалык кодексинин беренелерине каршы келет

Сөз болуп жаткан материалдын баш темасы Кыргызстандын журналисттеринин этикалык кодексинин 9-10-беренелерине каршы келет. 

Мында “Орозайым Нарматовага түрмө жагыптыр. Түгөйүн табабы?” деп манипуляциянын техникалары менен бир тараптуу каралоо болгон. 

Кодекстин 9-беренесинде баш темаларды редакциялоодо материалдарды бурмалоого, маанисин өзгөртүүгө жана кыскартууга жол берилбей турганы жазылган. 

Ал эми 10-беренеде фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл деп көрсөтүлгөн.  

Ошондой эле, Орозайым Нарматованын баш коргоо чарасында сүйлөгөн сөзү бурмаланып берилген. 9-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап жатканда Орозайым Нарматова сүйлөп, камак коркунучтуу эмес экенин айткан.

“Камак менен коркутат эле. Камагы деле коркунучтуу эмес экен. Бир комнатада жатат экенсиң. Эл-журт, силер тамак киргизип багып жатасыңар. Мына толуп чыгып жатабыз”, — деген Нарматова.

“Азия Ньюс” гезити Орозайым Нарматованын сүйлөгөн сөзүн бурмалап, ага түрмө жагып жатканын жазган. 

“Тамак берип жатышат, семирип калдым. Камалган коркунучтуу эмес экен. Эл, жерди коргоп отурабыз…” деп жобурады. Кыскасы түрмө жагып атыптыр”, — деп айтылат материалда.

Мында аталган гезит Журналисттердин этикалык кодексинин 8-9-беренелерин бузган. 

8-берене боюнча журналист кандай гана жагдайда болбосун, билип туруп жалган маалымат жарыялабашы керек.

9-беренеде баш темаларды редакциялоодо материалдарды бурмалоого, маанисин өзгөртүүгө жана кыскартууга жол берилбей турганы жазылган жана журналист жеке пикирин факты катары берип жатат.  

Ошону менен катар эле, аталган басылма Орозайым Нарматованын жеке жашоосуна токтолууну чечкен. 

“Эми мынча болду түгөйүн тапканга аракет кылса жарашмак. Жок дегенде эне болуп, бала-чаканы тарбиялоого кызыкпайбы? Коомдон татыктуу ордун табуусуна тилектешпиз, тек гана кеңеш да”, — деп жазган. Муну менен басылма Журналисттердин этикалык кодексинни 11-беренесин бузду. 

11-беренеге ылайык, журналист ар бир адамдын жана жарандын жеке жашоосун сыйлайт. Жеке жашоого кийлигишүү материалдын каарманынын аракеттери коомдук мааниге ээ болгон же коомдук кызыкчылык туудурган учурларда гана мүмкүн болот. 

Мында манипуляциянын бир канча ыкмалары колдонулган

  • дезинформация  – аудиторияны манипуляторго зарыл болгон аракеттерге үгүттөчү толук эмес, контекстти бурмалоо;
  • калп — фактыларды бурмаланган түрдө көрсөтүү, чындыкка дал келбеген маалыматтарды берүү. 

“ЖМКларды колдоо борборунун” сайтында көрсөтүлгөн маалыматка ылайык, “Азия ньюс” гезитинин башкы редактору  Асланбек Сартбаев. 

“Азия Ньюс” гезитинин Орозайым Нарматова тууралуу материалында журналисттик этика бузулуп, манипуляциянын ыкмалары колдонулган

Эске салсак, Асланбек Сартбаев Aryba.kg сайтына президент Садыр Жапаровдон эки жолу маек алган. Биринчи маеги былтыр 25-ноябрда “Садыр Жапаров: “Текебаев алжып калган, же ич күйдүлүк кылып жатат” деген аталышта чыккан. Ал эми экинчи маеги өткөн жылы 3-декабрда “Садыр Жапаров: “БШКда ызы-чуу басылбай жатса, дагы бир көйгөйдүн мага эмне кереги бар эле?» деп жарыяланган.

Жыйынтык: “Азия Ньюс” гезитинин “Орозайым Нарматовага түрмө жагыптыр. Түгөйүн табабы?” деген баш темадагы материалында манипуляциянын техникалары колдонулуп, Кыргызстандын журналисттеринин этикалык кодекси бузулган. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты