“Курч суроолор”, “сын көз караш”, “баарынын суроосун угушу керек”. Президент эмне үчүн маалымат жыйын өткөрүшү шарт?

Президент Садыр Жапаров эки жыл катары менен ЖМК өкүлдөрү үчүн басма сөз жыйынын өткөргөн жок. Мамлекет башчы эмне себептен маалымат жыйынын өткөрбөй жатканы боюнча “Кабар” маалымат агенттигине берген кыскача маегинде түшүндүрдү. Анда ал журналисттер көбүнесе интрига жаратуучу суроолорду берүүгө ыкташарын айтты. Садыр Жапаров суроолордун арасында өлкөнүн келечеги, мамлекеттин өнүгүшү, экономиканын өсүшү, элеттеги көйгөйлөр жокко эсе экенин белгиледи. Былтыр дагы президент маалымат жыйынындагы суроолордун баары ушактардын деңгээлинен көтөрүлө албай койгон деп билдирген

Президенттин маалымат жыйынын өткөрүүсү эмне үчүн маанилүү?

Жарандык активист Адил Турдукулов маалымат каражаттары коом менен бийликтин ортосунда маанилүү ролду ойной турганын белгиледи. Турдукулов президент басма сөз жыйынында журналисттер тарабынан берилген курч суроолорго жооп бериши керектигин айтты.

“Курч суроолор”, “сын көз караш”, “баарынын суроосун угушу керек”. Президент эмне үчүн маалымат жыйын өткөрүшү шарт?

“Президенттин маалымат жыйынын өткөрбөй койгонун төртүнчү бийликти сыйлабагандык катары бааласа болот деп ойлойм. Маалымат каражаттарынын өзүнүн түбү курч суроолорду багыттап берүү болуп эсептелет. Бул элди кызыктырган, түйшөлткөн маселе боюнча жоопту угайын деген аракеттер. Коом менен бийликтин ортосунда маалымат каражаттары маанилүү ролду ойнойт. Президенттин маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берүүсү элдин алдында отчёт берүүсү. Журналисттер тарабынан берилген суроолор көбүнчө ыңгайсыз болуп, президентке жакпашы мүмкүн. Бирок президент бүт элдин ажосу болгусу келсе, кандай гана ыңгайсыз суроо болбосун жооп бериши керек. Бир топтун кызыкчылыгын көздөгөн суроолор болушу ыктымал. Алардын дагы суроолорун укпаса толук кандуу президент боло албайт. Ажо жок дегенде жылына бир жолу журналисттердин суроолоруна жооп берип турушу шарт. Президенттин маалымат жыйынын өткөрүүсүн — моралдык жоопкерчилик десе болот”, — деди Турдукулов. 

Ал эми медиаэксперт Марат Токоев мамлекет башчынын ЖМК өкүлдөрүнө жыйын өткөрүүсү өзүнүн каалоосуна байланыштуу болорун билдирди. Бирок маалымат жыйыны ачыктык үчүн жакшы экенин белгиледи.

“Курч суроолор”, “сын көз караш”, “баарынын суроосун угушу керек”. Президент эмне үчүн маалымат жыйын өткөрүшү шарт?

“Маалымат жыйынын өткөрүү бул мамлекет башчынын өзүнүн каалоосуна байланыштуу. Кээ бирлер жакшы иштейт, бирок сүйлөгөндү билбей медиадан качат. Президент сөзсүз басма сөз жыйынын өткөрүшү керек деп милдеттендирилбейт. Бирок президент ачыктык үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берсе жакшы болмок. Бул жашыра турган эч нерсе жок, медиа менен жакынмын дегенди түшүндүрмөк”, — деди Марат Токоев.

Маалымат жыйынын Курултай менен салыштырууга болобу?

15-16-декабрь күндөрү Бишкекте экинчи Элдик курултай өттү. Ага катышкан делегаттардын көбү сугат суунун жетишсиздиги, ирригация, экологиялык көйгөйлөр, жерлерди трансформациялоо, жол салуу жана башка маселелерди көтөрүштү. Курултайдын соңунда Садыр Жапаров катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Президент “Кабарга” берген маегинде “Курултайдан өткөн маалымат жыйыны барбы?” деп билдирди. Ал ошол жерден журналисттер кызыктырган суроолоруна жооп ала алат деген пикирин айтты.

“Курч суроолор”, “сын көз караш”, “баарынын суроосун угушу керек”. Президент эмне үчүн маалымат жыйын өткөрүшү шарт?

Жарандык активист Адил Турдукулов курултай менен маалымат жыйынын айырмасы бар экенин айтып, журналисттер сын көз караш менен суроо беришерин билдирди.

“Курултайга катышкандарды көрдүк. Ал жердегилер көбүнчө президентти жактаган, курч суроолорду бербеген топ экени көрүнүп калды. Курултайда бүт суроолорго жооп бердим деген болбойт.

Журналисттердин көз карашы башкачараак да. Алар сын көз карашын кабыргасынан коюшат. Акыркы учурларда маалымат каражаттарына чоң басым болуп кетпедиби. Менин оюмча, ошонун айланасындагы суроолор кайталана берет деп ойлоп, ошондон качуу аракети болуп жатса керек”, — деди Турдукулов.

Медиаэксперт Марат Токоев курултай менен маалымат жыйыны эки башка нерсе экенин белгиледи:

“Журналисттер көп маалыматты курултайдан алышы мүмкүн. Бирок мамлекет башчынын өзүнүн дагы пикирин уккусу келгендер бар. Курултай менен маалымат жыйыны эки башка нерсе”.

Президенттин акыркы маалымат жыйыны тууралуу пикири

2021-жылы 23-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны өткөн. Президент журналисттердин суроолоруна жооп берердин алдында социалдык, экономикалык көрсөткүчтөр тууралуу айтып, баяндама жасаган. Андан соң суроолор берилип баштаган. Иш-чара 3 саат 45 мүнөткө созулган. 

“Курч суроолор”, “сын көз караш”, “баарынын суроосун угушу керек”. Президент эмне үчүн маалымат жыйын өткөрүшү шарт?

Былтыр президент “берилген суроолордун баары ушактардын деңгээлинен көтөрүлө албай койду” деп айтканда “ПолитКлиника” медиасы журналисттердин айрым суроолорун тизмектеп чыккан.

  • Баткендеги чек ара маселесин эмне үчүн ушул кезге чейин чечпей отурасыз? Мунун айынан биздин 36 мекендешибиз каза болду, дагы канчасы каза болуш керек? Президент катары эмдиги жылы андай окуя кайталанбайт деп кепилдик бере аласызбы? Бул суроого жооп берердин алдында Садыр Жапаров жакшы суроо бердиңиз деп сөзүн баштаган.
  • Этникалык кыргыздардын көйгөйлөрү качан чечилет? Чет өлкөдөгү кыргыз мектептери китеп жетпегендин айынан жабылып жатат. Биздин мамлекет кыргыз китептерин жеткирбей калды. 
  • Быйылкы жылы энергетикалык кризиске кабылбайбызбы? Кайсы өлкөдөн импорт келип жатат?
  • Сокулуктун Гавриловкага айылында мамлекетке тийиштүү мектеп жеке адамга өтүп кайра мамлекетке сатылып кеткен экен.Мамлекеттин мүлкүн кайра мамлекетке сатууга мүмкүнбү?
  • Көмүрдүн баасынын көтөрүлүшү боюнча суроо берилди.
  • Ош шаарында жамгыр жааган учурда суу токтойт. Чоң иш-чаралар өткөндө, жөнөкөй эле үйүбүзгө конок чакырганда аба ырайы жакшы болсо экен дейбиз. Буга чейинки президенттердин учурунда бир катар долбоорлор иштеп, жакшы натыйжа берген жок. Экинчи долбоорду үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоого мүмкүнчүлүк барбы?
  • Сиздин Тажикстанга болгон сапарыңыздын жыйынтыгы эмне болду? Чек арада мындан ары ок атылбайбы? 

Ушул сыяктуу бир канча суроолор берилген.

Маалымат жыйыны деген эмне, анын маанилүүлүгү кандай?

Маалымат жыйыны — расмий түрдө маалымат таратуу жана массалык маалымат каражаттарынын суроолоруна жооп берүү үчүн уюштурулган иш-чара.  Маалымат жыйыны жарандарга ЖМК өкүлдөрү аркылуу бийликтегилерге, мамлекеттик кызматкерлерге, суроо берүү мүмкүнчүлүгүн берет. Сtb.ku.edu сайты маалымат жыйынын эмнеге өткөрүү керектиги тууралуу макала жарыялаган. Басма сөз жыйынында адатта жөнөтүлгөн пресс-релиздерден тышкары маалымат көп берилет. Маалымат жыйынын өткөрүп жаткан адам журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, башка учурда айта албай турган ойлорду билдире алат. Ошону менен катар эле терс жаңылыктардын алдын алууга жардам берип, ачыктыкты көрсөтөт.

Эл аралык практикада президенттер жылдын аягында журналисттер үчүн маалымат жыйынын уюштуруп, суроолорго жооп берип келишет. Буга чейин Кыргызстанда дагы жылдын аягында президенттер басма сөз жыйынын өткөрүшкөн. Садыр Жапаров 2021-жылдын 10-январындагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен. Ошол күнү ал маалымат жыйын өткөргөн. Андан кийин мамлекет башчы ошол жылы октябрь айында ЖМК өкүлдөрү менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берген. Андан бери бир дагы жолу маалымат жыйынын өткөрө элек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты