Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайды финляндиялык компания иштетет

  • 1 год мурун

Кумтөр алтын кениндеги калдык сактоочу жайды кайра иштетүү долбооруна финляндиялык Мetso Outotec аттуу компания тартылат. Бул тууралуу «Кумтөр» компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кендеги калдык сактоочу жайды иштетүү боюнча атайын сынак өтүп, дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн ондогон компаниялар өз сунуштарын беришкен. Жыйынтыгында Финляндиянын Мetso Outotec компаниясынын калдыкты кайра иштетүү ыкмасы эң оптималдуу деп табылган. Бул компания дүйнөнүн элүүгө жакын өлкөсүндө өкүлчүлүктөрү бар, заманбап технологияларды колдонот«, — деп жазылат маалыматта.

Расмий маалыматка ылайык, Кумтөр кенинде алтын ылгоо фабрикасы иштеп баштагандан бери, 27 жыл ичинде калдык сактоочу жайда 150 миллион тонна калдык чогулган. Алдын ала маалыматтар боюнча, Кумтөрдөгү калдыктарды кайра иштетүүдөн мамлекет 2040-жылга чейин 3,5 миллиард доллар пайда көрөт.

16-мартта Кумтөрдөгү уу калдык көмүлгөн жерде 118 тонна алтын бар экенин Жогорку Кеңеште депутаттарга маалымат берип жатып «Кумтор Голд Компани» ишканасынын президенти Алмаз Барыктабасов билдирген. Компания кендеги калдык сактоочу жайды иштетип, жыл сайын 4,7 тоннадай алтын алууну пландап жатканы, муну менен киреше гана таппастан уу калдыкты зыянсыздандырса болорун айтып келет.

Жакында эле ишкананын мурдагы жетекчиси, коррупция үчүн кармалып, абакта отурган Тенгиз Бөлтүрүк 2025-жылы кендеги калдык сактоочу жай толуп калышы мүмкүн экенин эскерткен. Ишкана анын билдирүүсүн четке каккан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты