«Кумтөрдө» эч кандай иш таштоо болгон жок». Ишкананын басма сөз катчысы билдирүү таратты

  • 2 года мурун

«Кумтөрдө» эч кандай иш таштоо болбогону боюнча ишкананын басма сөз катчысы Назира Ахмедова Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

«Компаниянын беделин түшүрүү жана анын ишине шек келтирүүгө багытталып, социалдык тармактарда таратылып жаткан ушак-айың кептер боюнча билдиребиз. Теңиз Бөлтүрүк менен президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулаймановдун жана «Кумтөрдүн» жумушун таштоого ниеттенип жатат делинген кызматкерлери менен жолугушуу болгон жок. Абал тынч, эч кандай иш таштоо болгон жок жана баардыгы штаттык режимде иштеп жатат. Учурда кендин директору Кубанычбек Молдобеков менен подряддык уюмдардын жетекчилеринин ортосунда актуалдуу маселелер боюнча жыйын өтүүдө. Таратылып жаткан маалыматтарга жоопкерчилик менен мамиле жасап, аныктыгын текшерүүнү суранабыз», — деп жазды Ахмедова.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты