«Кумтөр» менен кызматташкан кылмыштуу топ аныкталды

  • 5 месяцев мурун

Кылмыштуу чөйрөнү каржылоо фактысы боюнча К.Асанбек көзөмөлдөгөн коммерциялык фирмалардын жетекчилери Б.А. жана Х.Д. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК органы тарабынан такталгандай, жеке баюу жана көзөмөлгө алынган уюшкан кылмыштуу топту каржылоо максатында, К.Асанбек жасалма адамдар аркылуу, «Гранд Электроникс» ЖЧКсы менен «Кумтөр Голд Компани» ЖАК менен «Кумтөр» кенине тамак-аш жана тамактануу менен камсыздоо келишимин түзүшкөнү аныкталды. «Гранд Электроникс» ЖЧКсынын «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан алган каржылык кирешеси уюшкан кылмыштуулук менен байланышы бар «Гранд Электроникс Стафф» ЖЧКсына, андан кийин накталай акчага айлантуу жана К.Асанбектин жеке өзүнө өткөрүлүп берилген. 6-мартта «Кылмыштуу чөйрөнү каржылоо» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, К.Асанбек көзөмөлдөп башкарган коммерциялык фирмалардын жетекчилери Б.А. жана Х.Д. кармалып, Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты