Кумтөр компаниясы дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү заводун ишке киргизди

  • 11 месяцев мурун

Токмок шаарында «Кумтөр Голд Компани» компаниясы эскирген дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү заводун ишке киргизди.

Заводдо оор жүк ташуучу унаалардын эскирген дөңгөлөктөрү, авиациялык жана башка типтеги жүк көтөрүмдүүлүгү 180 тоннага чейин автомашиналардын шиналары кайра иштетилет. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Германия жана Россиядан келген заманбап техникалар колдонулат.

Жүк ташуучу унаалардын эскирген дөңгөлөктөрүн кайра иштетүү процесси тетиктерди – резина, металл элементтерди жана текстиль буюмдарын бөлүп алууну камтып, алар тиешелүү түрдө иштетилет. Алынган материалдар өнөр жай процесстеринде жаңы буюмдарды чыгаруу үчүн кайра колдонулат.

«Кумтөр Голд Компани» бул долбоорду тоо-кен өнөр жайындагы калдыктарды кайра иштетүүнүн жана аларды жөнгө салуунун үлгүсү кылып, жерди сактоого салым кошору белгиленген.

ЭМИ эски дөнгөлөктөр мындан ары ыргытылып же мончолорго жагылбай, кайра иштетилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты