«Кумтөр» боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы: «19,2 тонна алтындын жоголгондугу тууралуу маалымат жалган»

  • 1 год мурун

«Кумтөр» боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Арсланбек Малиевдин маеги Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Анда ага «19,2 тонна алтын боюнча кандай жыйынтыкка келдиңер?» деген суроо берилди.

«Мындай өлчөмдөгү алтындын каякта экени белгисиз болуп жатканы боюнча маалымат көпчүлүктү бушайман кылды. Андыктан жагдайды иликтеген комиссия өз ыйгарым укуктарынан пайдаланып, аталган маалыматты ар тараптуу иликтеди. Көп адамдардан маалымат алынып, ийне-жибине чейин тактадык. Анын ичинен Улуттук банкка барып, алтын запасын эсепке алуу жана сактоо процесси менен тааныштык. Таанышуу учурунда ар бир фракциянын жана депутаттык топтун өкүлдөрүнөн турган комиссиянын бардык мүчөсүнө каалаган жашикти тандап, аны ачып көрүү жана алтын куймаларын текшерүү мүмкүнчүлүгү берилди. Ал тургай алтынды кармап сүрөткө түшүп, бардыгын тасмага тарттырдык. Бул архив үчүн маанилүү. Ошондой эле 26-январга карата Улуттук банктын кампасында 43 миң 944,13 кг алтын запасы сакталып турат. Тагыраагы, 19,2 тонна алтындын жоголгондугу же белгисиз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат жалган. Аталган имиштерди аныктаган бир дагы маалымат же тастыктаган кагаз тапкан жокпуз. Муну комиссиянын ар бир мүчөсү далилдеп бере алат», — деди ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты