Кулубаев менен Лавров кыргыз-орус мамилелериндеги маселелерди талкуулашты

  • 2 года мурун

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен телефондон сүйлөшүп, кыргыз-орус мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн башкы дипломаттары эл аралык жана аймактык күн тартибин талкуулап, алдыда боло турган тышкы саясий иш-чаралар жана буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашканы айтылат.

Мындан тышкары алар аймактык коопсуздук маселелерин, Нур-Султан шаарында өтчү мамлекет башчыларынын саммитин талкуулашкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты