«Кудайберген» базарына кирүүдө мыйзамсыз акы алынып келгени аныкталды
- 1 год мурун
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Кудайберген» базарын кыдыруу учурунда автоунаалардан мыйзамсыз акы алынган тосмону аныктады.
Анда жеңил автоунаалардан 25 сом, жүк ташуучу унаалардан 40 сом өлчөмүндө кирүү акысы алынып келген.
Мэриянын маалыматына караганда, тосмо орнотулган аймактагы унаа токтотуучу жайдын бир бөлүгү муниципалдык менчик экендиги белгилүү болду. Бирок базардын администрациясы бул жерди ижарага алуу үчүн шаардык бюджетке эч кандай төлөм жүргүзгөн эмес.
Мэр базар жетекчилигине тосмону өздөрүнө тиешелүү аймакка жылдырууну тапшырды. Ал эми шаардык кызматтарга бул маселени көзөмөлгө алып, мыйзам чегинде чечүүнү камсыз кылуу милдети жүктөлдү.
Муну бөлүшүү




