Крым көпүрөсүн калыбына келтирүү иштери тергөө амалдары аяктагандан кийин башталат

  • 2 года мурун

Крым көпүрөсүн калыбына келтирүү иштери тергөө амалдары аяктагандан кийин башталат. Бул тууралуу Крымдын башчысы Сергей Аксенов Телеграм каналына жазып чыкты.

«Бүгүн мен Крым көпүрөсүндө болгон окуянын себептерин аныктоо жана өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча өкмөттүк комиссиянын ишине катышам. Келтирилген зыянды жоюу жана кыйрагандарды калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар иштелип чыгат», — деп жазды ал.

Бүгүн, 8-октябрда Крымдын Керч аймагындагы көпүрөдө жарылуу болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты