Кримтөбөл Досоновдун тобунун үч мүчөсү эл аралык маңзат соодасына шектелип кармалды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновдун тобунун үч мүчөсү эл аралык маңзат соодасына тиешеси бар деген шек менен кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, аларга «»Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан» багытындагы маңзат ташыган каналды түзгөн деген айып коюлду.

Учурда кармалгандар Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, баңги каналынын башка катышуучуларын аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Досонов 2021-жылы февраль айында кайра кармалган. Анда УКМК кримтөбөлгө Жазык кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүмү «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Атайын кызматтын маалыматында «буга чейин эч жерде иштебеген, ишкердик менен алектенбеген Досоновго байланыштуу адамдарга катталган 19 автоунаа, 15 турак жай, 35 жер тилкеси аныкталды. Досоновдун мындан тышкары курулуш компанияларын ири өлчөмдө каржылоо фактыларынын бети ачылды» деп жазылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты