Красноярсктагы рейд учурунда мигранттарга аскерге чакыруу кагазы тапшырылды

  • 11 месяцев мурун

Полиция кызматкерлери Красноярск шаарынын базарларында рейд жүргүзүп,  18 мигрантка аскер комиссариатына чакыруу кагазын тапшырышты. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Полиция кызматкерлери 212 жарандын документтерин текшеришип, анын 147си бөлүмгө жеткирилген. Кармалгандардын ичинен 18 адам аскер комиссариатына чакыруу алса, үчөөнө аскердик каттоого туруудан качкандыгы үчүн протокол түзүлгөн.

Август айында полиция Пермь, Челябинск, Нижний Новгород, Санкт-Петербург, Свердлов жана Белгород облустарында рейд жүргүзгөн. Орусия жарандыгы барларга аскер комиссариатына чакыруу кагазы тапшырылган.

Мыйзамга ылайык, чет элдик жаран Орусиянын паспортун алгандан кийин эки жуманын ичинде аскерге каттоого туруу үчүн жашаган же катталган жери боюнча аскер комиссариатына келиши керек.

Сентябрда Мамлекеттик Дума аскердик каттоодон жана мобилизациядан качкандарды жарандыктан ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун карайт.

Орусияда аскерге күзгү чакыруу 1-октябрда башталат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты