Краснодар жана Невинномысск шаарларында Wildberries кампаларына дрон чабуулу болду

22-июлга караган түнү Орусиянын Краснодар жана Ставрополь крайларындагы Wildberries логистикалык борборлоруна дрон чабуулу жасалды. Коопсуздук максатында кампалардын иши убактылуу токтотулуп, кызматкерлер эвакуацияланды.

Расмий маалыматтарга ылайык, Невинномысск шаарында 5 киши, Краснодарда 10 адам жабыркаган. Ошондой эле Армавир шаарында дрондун сыныктары түшүп, бир адам каза болгону кабарланды.

Учурда кыргызстандыктар бар-жогун Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тактап жатат. 

Буга чейин 18-июнга караган түнү украин дрондору Орусиянын Тамбов жана Москва облустарындагы Wildberries кампаларына чабуул жасаган. Сегиз адам каза болуп, дээрлик 70 киши жабыркаган. Алардын арасынан 2 кыргызстандык жарадар болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты