Кош жарандыгы бар Теңгиз Бөлтүрүк мыйзам боюнча Кумтөр жөнүндөгү маанилүү документтерге кол коё албайт (Фактчекинг)

18-апрель күнү Канат Хасанов аттуу Фейсбук колдонуучусу Кумтөр тууралуу билдирүү бөлүшкөн. Анда ал Кыргызстандын пайдасына чечилбей турган келишимге жана кош жарандуулугу бар Теңгиз Бөлтүрүктүн маанилүү документтерге кол коюуга укугу жок экенин билдирген. 

Кош жарандыгы бар Теңгиз Бөлтүрүк мыйзам боюнча Кумтөр жөнүндөгү маанилүү документтерге кол коё албайт (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы Теңгиз Бөлтүрүктүн кош жарандуулугу жана ал Кумтөр боюнча маанилүү документтерге кол коюуга акысы бар же жоктугун  анализдеп көрдү. 

Кош жарандуулук чуусу

Теңгиз Бөлтүрүк  6-октябрда бийлик алмашкандын эртеси Бишкекке келгени белгилүү болгон. Октябрь окуяларынан кийин бийлик башына отурган Садыр Жапаров 21-октябрда Би-би-Сиге курган маегинде “Центерра голд” компаниясынын директорлор кеңешине Кыргызстандын атынан Тенгиз Бөлтүрүк сунушталганын билдирген.

“Центерра Голдго” бизден үч өкүл барат. Бирөө Тенгиз Бөлтүрүк деген ыкый-чыкыйына чейин билген дүйнөлүк компанияларды башкарган кишини койдум. Ал жактан маалымат алып берет. Ошондон кийин анан чечим кабыл алабыз”,- деп билдирген Садыр Жапаров.

Бирок Теңгиз Бөлтүрүктүн Кыргызстандын жана Канаданын жараны болуп туруп, “Кумтөр Голд” компаниясына өкүл болуп дайындалганы көп суроону жарата баштаган. 

Теңгиз Бөлтүрүк өзү да Канаданын жана Кыргызстандын жарандыгы бар экенин четке каккан эмес. 

Бул боюнча алтынчы чакырылыштын депутаты Улукбек Ормонов да сураган. Ал Теңгиз Бөлтүрүк парламентке Кыргызстандын дипломатиялык паспортун көрсөткөнүн сурап, аны кантип алганына кызыккан. 

“Сиз борбордук трибунадан бизге Кыргызстандын дипломатиялык паспортун көрсөттүңүз. Мыйзам боюнча сиздин андай паспорт алууга укугугуңуз жок. Кантип алдыңыз?”,- деп суроо узаткан. 

Теңгиз Бөлтүрүк Кыргызстандын дипломатиялык паспортун октябрь айында пандемия күчөп турган убакта транзиттик каттамдарда жеңилдик болуусу үчүн, Садыр Жапаровдун жардамы менен алганын билдирген. Ал дипломатиялык паспортту президенттин кеңешчиси катары алганын белгилеген. 

Улукбек Ормонов октябрь айында премьер-министр болуп турган Садыр Жапаровдун кош жарандуулугу бар адамга Кыргызстандын дипломатиялык паспортун бергенин “кызык” деп баалаган. 

Мыйзам боюнча Теңгиз Бөлтүрүк дипломатиялык паспорт ала алмак эмес 

Кыргыз Республикасынын “Дипломатиялык паспорт берүү” жөнүндөгү мыйзамында диппаспорт алууга укуктуу жарандардын тизмеси бекитилген. Мыйзамда “кош жарандуулугу бар адамдар дипломатиялык паспорт ала албайт” деген пункт жок болсо да, президенттин кеңешчиси катары да  дипломатиялык паспорт берилет деген пункт жок. 

Кош жарандыгы бар Теңгиз Бөлтүрүк мыйзам боюнча Кумтөр жөнүндөгү маанилүү документтерге кол коё албайт (Фактчекинг)

Башкача айтканда, октябрь айында кеңешчи болуп турган Теңгиз Бөлтүрүк дипломатиялык эмес, кызматтык паспорт алууга укугу бар болгону белгиленип келет. 

Мыйзам жана кош жарандуулук

Кыргызстандагы президенттик шайлоодон кийин, “Центерра Голд” менен кыргыз Өкмөтүнүн ортосундагы тиреш күчөп, май айында туу чокусуна чыкты.

17-майда кыргыз бийлиги “Кумтөргө” сырткы башкаруу киргизип, Теңгиз Бөлтүрүктү башчы кылып дайындаган. Ага чейин Бишкектин Октябрь райондук соту “Центерраны” Лысый жана Давыдов мөңгүсүнө калдыктарды мыйзамсыз төккөнү үчүн мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар төлөп берүүгө милдеттендирген болчу.

Кайрадан 2022-жылы 11-февралда Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын тышкы башкаруучусу кызматынан алынган. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Бирок ошол эле токтом менен Акылбек  Жапаров “Кумтөрдүн” убактылуу тышкы башкаруучусу катары Тенгиз Бөлтүрүк жетектеген “Улуу Көчмөндөр Мурасы” улуттук холдинг компаниясын” дайындаган.

Ал эми Тенгиз Бөлтүрүктүн “Улуу Көчмөндөр Мурасы” холдингин жетектей турганы 15-февралда белгилүү болгон.

Башкача айтканда, Теңгиз Бөлтүрүк де-факто “Кумтөр Голддун” сырттан башкаруучусу болуп кала берген. 

Мындан сырткары, Министрлер кабинети “Кумтор Голд Компани” ЖАКтын убактылуу сырттан башкаруучусу жана “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүккө Кумтөр алтын кени боюнча эки келишимге кол коюу ыйгарым укугун берди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкен.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Теңгиз Бөлтүрүк төмөнкү документтерге кол коёт:

  1. Кыргызстан менен канадалык Centerra Gold компаниясынын ортосундагы ич ара даттанууларды дүйнөлүк жөнгө салуу келишими;
  1. Рекультативация боюнча трасттык келишимдердин мөөнөтүн токтотуу боюнча акт.

Башкача айтканда, “Кумтөр Голд” боюнча эң маанилүү деп эсептелген эки документке тең Теңгиз Бөлтүрүк кол коет. 

Бирок мыйзам кайра эле кош жарандуулукка барып такалат. Анткени мыйзам боюнча кош жарандыгы бар адамдар мамлекеттик ишканаларды башкарууга укуксуз экени жазылган. 

Тактап айтканда, Мамлекеттик ишканалар жөнүндөгү жобонун 48-беренесине ылайык, кош жарандуулугу же башка өлкөдө жашоо укугу бар болгон жарандар мамлекеттик ишканаларды башкара албайт. 

Кош жарандыгы бар Теңгиз Бөлтүрүк мыйзам боюнча Кумтөр жөнүндөгү маанилүү документтерге кол коё албайт (Фактчекинг)

Ал эми “Улуу көчмөндордүн мурасы” холдинги мамлекетке карайт. 

Жыйынтык: Теңгиз Бөлтүрүктүн кош жарандуулугу болгондуктан, мыйзам боюнча мамлекеттик мекемелерде жетектөөчү кызматтарды ээлей албайт. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты