Кош бойлуу медайымды сабаганга шектелген жаран кармалды

  • 5 месяцев мурун

Кош бойлуу медайымды сабаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, С.А. Улуттук госпиталынын медайымынын денесине залал келтирген Б.А.га карата чара көрүү өтүнүчү менен медайымдар ассоциациясынан кайрылуу түшкөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө 19-февралда медайым С.А. оор абалдагы оорулууну таңуу процедурасын жүргүзүү үчүн Б.А.ны палатадан чыгып кетүүсүн суранганын, бирок акыркы эскертүүгө карабастан Б.А. терс мамиле жасап, кош бойлуу С.А.ны себепсиз сабаганы аныкталган.

Натыйжада С.А.нын башынын жумшак ткандары көгөрүп, «Боюнан түшүү коркунучу бар» деген диагноз менен ооруканага жаткырылган.

Аталган фактыларды текшерүүнүн жыйынтыгында УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «Бейбаштык» боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, шектүү Б.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты