Кош бойлуу аялдар үчүн коронавируска каршы вакцина алууга болобу? Жооп

  • 2 года мурун

Кош бойлуу аялдар үчүн коронавируска каршы вакцина алууга болобу? Бул боюнча республикалык штаб жооп берди.

«Окумуштуулардын көптөгөн изилдөөлөрүнө ылайык, COVID-19га каршы вакцина кош бойлуу аялдарда боюнан түшүп калуу коркунучуна таасирин тийгизбейт. Вакциналар тууралуу өз пикириңизди расмий ишенимдүү булактардын негизинде түзүүнү сунуштайбыз. Бүгүнкү күнгө чейин дүйнө жүзү боюнча көптөгөн аялдар кош бойлуу кезинде же эмчек эмизүү учурунда COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшкөн жана кош бойлуу аялдар жана алардын ымыркайлары үчүн эмдөөнүн коопсуздугу боюнча эч кандай кооптонуулар аныкталган эмес. Чынында, кош бойлуу кезде эмдөө балаңызды коргоого жардам берет; бул эмчек эмизүү учурундагы эмдөөгө да тиешелүү», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты