Корумду-Балбай жолунун курулушу башталды  

  • 4 месяца мурун

Корумду-Балбай жолунун курулушу бүгүн, 12-апрелде  башталды.  

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл айланма жолдун Корумду-Балбай Баатыр тилкесин баштоо менен таанышып, буларга токтолду:   

 «Ысык-Көлдү айланып өтүүчү эл аралык стандартка жооп берген жолдун курулушу болду. Бул жолдун жалпы баасы 111,07 миллион долларды түзөт. Бул каражаттарды бизге өнөктөштөрүбүз- Ислам өнүктүрүү банкы, Кувейт Араб экономикалык фонду, Сауд өнүктүрүү фонду жана ОПЕКтин эл аралык өнүктүрүү фонддору берет. Анын ичинен 1,1 млрд сом (12,8 млн доллар) бюджеттен бөлүнгөн», — деди ал. 

Иш-чарага Кытайдын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь катышты. 

Жолдун участогунун узундугу — 79,3 км. Долбоордун алкагында 4 тилкелүү жол, тротуарлар, жалпы узундугу 79 697 м болгон веложол, аялдамалар, 14 көпүрө жана 877 суу өткөргүчтөр сыяктуу жасалма курулуштарды куруу, анын ичинде жер астындагы адамдар өтүүчү эки өтмөк, жүргүнчүлөр өтүүчү үч көпүрө куруу каралган.  

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты