“Коррупцияга тиешем жок” — деген айыл өкмөт башчы кармалды
- 10 месяцев мурун
“Коррупцияга тиешем жок деп айткан” — айыл өкмөт башчысы ири коррупциялык схемаларга аралашканы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) расмий кабарлады.
2025-жылдын 22-июлунда Ноокен районунун Массы айылындагы иш сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Асылбек Бекибаев менен маектешип жатып, анын жер маселесиндеги мыйзам бузууларга катышы тууралуу суроо берген. Бекибаев өзүн “таза” деп атап, эгер мыйзам бузуулар болсо, жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдирген.
Бирок УКМКнын жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, А.Бекибаев 2019–2024-жылдары айыл өкмөттүн орун басары жана кийин жетекчиси болуп турганда бир нече коррупциялык ишке тиешеси бар экени аныкталган.
Тагыраагы, Бекибаев жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы болуп турганда, муниципалдык жер тилкелерин өзү менен аффилирленген адамдарга жасалма аукциондор аркылуу реалдуу баасынан кыйла төмөн, мисалы, 3,8 млн сомдук 9620 чарчы метр жерди 209 700 сомго жана 438 миң сомдук 325 чарчы метр жерди 171 700 сомго өткөрүп берген.
Мындан сырткары, кезек күткөндөрдүн тизмесин атайылап бурмалап, жерге чындап муктаж болгон жарандарды четке кагып, ордуна башка адамдарга жер бергени, жана мунун ордуна сый акы (пара) алып турганы да далилденди.
Аталган фактылар боюнча КР Жазык кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, А.Бекибаев кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды. Учурда тергөө амалдары уланууда.




