“Коронавирустун омикрон штаммын асмандан чачып жатат” деген маалымат фейк (Фактчекинг)
- 3 года мурун
- Фактчекинг
Социалдык тармактарда “Коронавирустун омикрон штаммын самолет аркылуу чачып жатышат”,- деген маалыматтар тарап жатат. Бир топ интернет колдонуучулары көк мүшөктүн ичиндеги зат омикрондун “бацила реактиви” экенин билдиришип, адамдарды массалык оорутуу үчүн жасалып жатканын айтышкан.
“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.
“Omikron” пластик продукцияларын өндүргөн компания
Коронавирус пандемиясы башталгандан бери, кээ бир интернет колдонуучулары “Вирусту абадан чачып жатышат!!! Бул чоң оюн” деген сыяктуу маалыматтарды бөлүшүп келишет. “ПолитКлиника” медиасы буга чейин дагы мындай маалыматтарды текшерип, фейк экенин аныктап келген.
Бул сүрөттө көрсөтүлгөн мүшөктүн жазууларын окуп көрсөк https://omikroncompound.com/ деген сайтты көрүүгө болот. Андан сырткары “high quality compound” “Жогорку сапаттагы” деген жазууну көрүүгө болот.
Биз көрсөтүлгөн сайтка кирип көргөнүбүздө, курулуш материалдарында, мебелдерди жасоодо колдоно турган пластик продукцияларын өндүргөн компания болуп чыкты.
Бул болсо ал продукциялардын мүшөктөгү көрүнүшү:
“Омикрон” компаниясынын расмий сайтындагы даректи Гугл картага салып көрүп, Италиянын Робассемеро деген коммунасында Виа Казале 7 дарегинде компаниянын кеңсеси жайгашканын аныктадык. Кеңсенин имаратынын сыртынан “Омикрон” деген логотипти көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, 11-ноябрда Ботсванада, андан бир аз убакыттан кийин Түштүк Африкада жана Гонконгдо B.1.1.529 коду астында Covid-19дун жаңы штаммы табылган.
Жаңы штамм «омикрон» деп аталып, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму анын коронавирустун мурдагы түрлөрүнө караганда алда канча коркунучтуу экенин белгилеген.
Ал эми “омикрон” штаммы Кыргызстанда 12-декабрь күнү катталып, Бишкек шаары “кызыл зонага” киргизилген.
Жыйынтык: Коронавирустун “омикрон” штаммын асмандан чачып жатат деген маалымат фейк. Ал эми “Оmikron” аттуу компания пластикалык материалдарды чыгарат жана коронавирус менен байланышы жок.