Коронавирустун “омикрон” штаммы 70 эсе бат жугат (Фактчекинг) 

12-декабрь күнү Кыргызстанда коронавирустун «омикрон» штаммы катталды. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штабынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы штамм Чүй облусунда катталган. 

Коронавирустун “омикрон” штаммы 70 эсе бат жугат (Фактчекинг) 

ПолитКлиника медиасы жаңы штамм тууралуу изилдеп көрдү. 

11-ноябрда Ботсванада, андан бир аз убакыттан кийин Түштүк Африкада жана Гонконгдо B.1.1.529 коду астында Covid-19дун жаңы штаммы табылды.

Жаңы штамм «омикрон» деп аталып, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму анын коронавирустун мурдагы түрлөрүнө караганда алда канча коркунучтуу экенин белгилеген.

“Омикрон” штаммы “Дельтага” караганда 70 эсе ылдам жугат

Дүйнөнү каптаган “омикрон” штаммы буга чейин белгилүү болгон штаммдарга караганда 70 эсе ылдам жуга турганын Гонконгдун окумуштуулары изилдешкен. Ага ылайык, көптөгөн чектөөлөргө карабастан, 3-4 күндүн ичинде коронавирус жуктургандардын саны рекорддук темпте өсө баштаган. Окумуштуулар, “омикрон” штаммы тездик менен жукса да коронавирустун “дельта” варианты сыяктуу кооптуу эмес деген бүтүмгө келишкен. Белгилүү болгондой , “омикрон” штаммы дем алуу жолдорунун үстүнкү катмарында болуп, өпкөгө түшүп кетүү коркунучу азыраак.  

Коронавирустун “омикрон” штаммы 70 эсе бат жугат (Фактчекинг) 

Бирок, бул толугу менен изилдене элек. 

“Омикрон” штаммынын коркунучтуу жактары 

Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, “Азыркы учурда “омикрон” штаммы толугу менен изилденип бүтө элек” деген билдирүү тараткан. Анда, “омикрондун” башка штаммдарга караганда “коркунучтуу” же “жеңилирээк” экенин айтуу эрте экени айтылат. Себеби бир штаммды изилдөө үчүн бир канча ай жана жыл талап кылынышы мүмкүн. 

Коронавирустун “омикрон” штаммы 70 эсе бат жугат (Фактчекинг) 

Ал эми буга чейин жарыяланган бир канча изилдөөдө, “омикрон” менен ооругандар ооруканага “дельта”  менен ооругандарга караганда 2-3 эсе аз түшө турганы изилденген.

Бирок, азыркы убакка чейин бул талаш маселе бойдон калууда. Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги “омикрон” штаммынын мурдагыларга салыштырмалуу коопсузураак деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу “Интерфакс” сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Саламаттыкты сактоо министри  Михаил Мурашко:

«Омикрон “дельта” сыяктуу кооптуу эмес” деген бир катар билдирүүлөргө карабастан, тилекке каршы, андай эмес экенин билдиргим келет. Чет өлкөдөгү кырдаалга караганда, реанимациялык бөлмөлөр бейтаптар менен толуп баштады», — деп билдирген.

Мындан сырткары “омикрон” штаммы менен ооругандардын көбү коронавируска каршы эмдөө албагандар экенин кошумчалаган.

Ал эми, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 каршы болгон вакциналар «омикрон» штаммына каршы деле натыйжалуу болоорун айтышууда. Ушул эле фактыны Сан-Францискодогу Калифорния университетинин эпидемиологиялык профессору Джордж Рутерфорд  «Ленте.ру»  жалпыга маалымдоо каражаттарына тастыктады.

Аны менен катар «Патогендик микроорганизмдердин популяциялык өзгөрүшүнүн механизмдери лабораториясынын башчысы» Гамалей Владимир Гущин «Россия-24» телеканалына берген маегинде вакциналар сөзсүз түрдө, оорунун оор өтүшүнө каршы коргой турганын айтып чыккан.

Башкача айтканда, азыркы учурда “омикрон” штаммы тууралуу бир канча талаш маселе бар. 

Белгилей кетсек, “омикрон” штаммы дүйнөнүн жүздөн ашык өлкөсүндө табылды. 

Жыйынтык: Окумуштуулар “омикрон” штаммынын жугуу коркунучу башка штаммдарга карганда 70 эсе жогору экенин билдиришкен. Ал эми, коркунучтуу кесепеттери тууралуу азыркы учурда изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты