Коронавирустан төрт адам дарыланууда

  • 2 года мурун

Кыргызстанда 4-майга карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Илдеттен бир адам сакайып чыкты. Каза болгондор катталган жок.

Өлкө боюнча төрт адам үй шартында дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 993 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 406 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты