“Коронавируска каршы вакциналар СПИДке алып келет” деген маалымат фейк (Фактчекинг)

17-февраль күнү “UNCUT-News” сайтында “Коронавируска каршы сайылып жаткан вакциналар, адамды СПИДке чалдыктырышы мүмкүн” деген маалымат жарыяланган. Анда, вакцина алган адамдын иммунитети төмөндөгөндүктөн, оору жугузуп алуу коркунучу жогору болот деп айтылган. 

“Коронавируска каршы вакциналар СПИДке алып келет” деген маалымат фейк (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Далилдер жок 

Коронавируска каршы вакциналар ойлонуп табыла баштаган учурдан тартып, кээ бир адамдар “вакциналар ракты жана СПИД оорусун жугузат” деген маалыматтарды таратышкан. 

Алардын көбү, “Covid диссиденттер” башкача айтканда коронавирустун бар экенин таануудан жана вакциналардын эффективдүү экенинен ар тараптуу күмөн санаган адамдар. 

Ковид диссиденттер бул гипетозены тастыктай турган бир да изилдөөнү көрсөтө алышкан эмес. 

Ал эми “Health desk” изилдөө уюмунун изилдөөчүлөрү бул маалыматтын чындыкка дал келбей турганын билдиришкен. 

“Коронавируска каршы вакциналар СПИДке алып келет” деген маалымат фейк (Фактчекинг)

Анда коронавирус ка каршы вакциналар менен СПИДдин ортосунда байланыш жок экени жана жугуп калуу коркунучу дээрлик жок экени баса белгиленген.

“COVID-19 вакциналарынын организмди вирустардан коргоочу Т-клеткаларын басышы көрсөтүлгөн эмес жана коронавирустук вакциналар иммундук системаны алсыратып,  адамдарды ракка же аутоиммундук оорулар сыяктуу башка ооруларга көбүрөөк дуушар кыла турганы жөнүндө далилдер жок.

Ошондой эле COVID-19 ийнесинде ВИЧ/СПИДдин жугуу мүмкүнчүлүгү жок. Ар бир жолу жаңы ийне колдонулат, эмдөө алгандар арасында ВИЧке чалдыккандардын көбөйгөнүн көрсөткөн маалыматтар жок.”,-деп айтылган билдирүүдө. 

Мындан сырткары ВИЧ же СПИД (адамдын иммундук жетишсиздигинин оорусу) үч жол менен жугат. 

  1. Жыныстык жол
  2. Кан аркылуу
  3. Энеден түйүлдүктөгү балага жугат. 

Башкача айтканда, вакцина аркылуу СПИДдин жугуп калуу ыктымалдуулугу жокко эсе. Ал эми коронавируска каршы вакциналар иммунитетти төмөндөтүү үчүн эмес, Covid-19 илдетине каршы организмдин туруктуулугун жогорулатуу үчүн сайылат. 

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму буга чейин ВИЧ позитивдүү адамдарга да коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү көрсөтмөсүн берген. 

“Коронавируска каршы вакциналар СПИДке алып келет” деген маалымат фейк (Фактчекинг)

Анда коронавируска каршы вакцина иммундук жетишсиздик менен ооруган адамдарды илдеттен коргоо үчүн керектүү кадам экени айтылган. 

Жыйынтык: “Коронавируска каршы вакциналардын адамга СПИД жугузушгу мүмкүн” деген маалымат- фейк.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты